Электромобиль

Википедия дан

Электромобиль - өзүнө орнотулган аккумулятордон иштеген электр кыймылдаткычтын жардамы менен жүрүүчү автомобиль.

Электромобильдин артыкчылыгы - түтүн чыгарбайт, дүрүлдөбөйт, башкаруусу жөнөкөй; кемчилиги - аккумулятордун кубаты жана жүрүү алыстыгы менен ылдамдыгы аз, жүк көтөрүмдүүлүгү төмөн, өздүк массасы оор. Негизинен Электромобиль имараттын ичинде - складдарда, заводдун цехтеринде продукт, почта ж. б. жүк ташуу үчүн пайдаланылат, анын жүк көтөрүмдүүлүгү 500 кг, ылдамдыгы 70 км/саат.

Электрунаа чыгаруучу компаниялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Zeekr

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4