Электрондук такта системи

Википедия дан

Электрондук такта системи — маалыматтарды электрондук кабар түрүндө борбордоштуруп жыйноону уюштурган компьютердик систем. Байланыш-катыш жабдууларын жана жеке компьютерди колдонуп, системге кайрылуу менен, андагы кабарларга кошумчалоо же алып салуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Системдеги кабарларды окууга же ага програмдык жабдыкты жүктөөгө болот. BBS нын системдик оператору маалыматтык тактаны сактап жана өркүндөтүп турат. BBS ны соода иштеринде маалыматтык тактага кызыккан адамдар, аны электрондук талкуулоо оруну катары колдонушат. Колдонуучулар марка жыйноо, музыка, астрономия ж.б.хоббилери боюнча маалыматтарын бөлүшүшөт. Дагы бир кошумча кызматы катары жаңы достор менен таанышуу жана сүйлөшүү кирет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]