Электрон парамагниттүү резонанс

Википедия дан

Электрон парамагниттүү резонанс (ЭПР) - парамагниттик бөлүкчөлөрдөн турган заттардын толкун узундугу сантиметрдик же миллиметрдик диапазондогу электр-магнит энергияны резонанстык жутушу.

ЭПР – радиоспектроскопия методдорунун бири, магнитүү резонанстын айрым учуру. ЭПРди 1944-ж. Е. К. Завойский ачкан. 30-жылдардын орто ченинде нидерланд физиги К. Гортер ЭПРди эксперимент түрүндө табууга аракеттенген. Бирок ЭПР Завойский ойлоп тапкан радиоспектроскоптук методдун жардамы аркылуу гана байкалган. ЭПР кристаллдардын структурасын, атом ядросунун касиеттерин, катуу нерселер менен суюктуктардын бөлүкчөлөрунүн арасындагы өз ара таасирин изилдөө үчүн, химиялык жана биол. реакциялардын жүрүшүн, аларда эркин радикалдардын пайда болуусун байкоонун өтө так жолу катары кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.