Электрофорез

Википедия дан

Электрофорезорганизмге тери же былжыр чел аркылуу туруктуу электр тогу менен дарылардын иондорун бир убакта жиберүү ыкмасы.

Мында рецепторлордун дарыга сезгичтиги күчөйт. Электрофорезде аз өлчөмдөгү дарылар териде топтолуп, көпкө таасир этет, ошондой эле кээ бир ооруларда жергиликтүү таасир берип, бир убакта бир нече дарыларды кошуп берүү мүмкүн. Электрофорез четки жана борбордук нерв системасынын, таяныч-кыймыл аппаратынын, гинекология ооруларында колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8