Электр-диагностика

Википедия дан

Электр-диагностика — электр тогу менен дүүлүктүрүп, кыймылдаткыч нервдердин өткөргүчтүгүн жана булчуңдардын козгогучтугун изилдөө ыкмасы.

Четки нерв менен булчуңдардын ооруларын же травмасын билүүдө колдонулат. Электр-диагностикада туруктуу же өзгөрүлмө ток пайдаланылат. Күчтүү дүүлүктүрүүгө булчуңдарда реакция болбосо нерв же булчуңдун жансыз экенин көрсөтөт. Козголуу пайда болсо травмадан кийин нерв кайра калыбына келгендигин билгизет. Электр-диагностика тетания, миастения, миотония жана башкалар ооруларды эрте табууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле кулак, көз жана кээ бир башка ооруларын диагностикасында колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8