Электр-техника
Бул макаланы «<макала аты>» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Электр-техника - илим менен техниканын электр энергиясын эл чарбасынын бардык тармактарында, аскер ишинде, үй тиричилигинде колдонууга мүмкүндүк берүүчү тармагы.
Электр-техниканын өсүшү, анын азыркы коомдун турмушунун бардык жагына сиңиши - энергияны өзгөртүү жана берүү, информацияны өзгөртүп түзүү жана жеткирүү маселелеринин Электр-техникалык каражаттардын жардамы менен жеңил чечилишинде. Электр-техника электр кубулуштарынын закондорун изилдеп, системага салат. Электр-техниканын пайда болушу 17- 18-кылымдагы электр-магнит кубулуштарынын ачылышына байланыштуу. Электр көрүнүштөрүнүн табиятын изилдеген алгачкы эмгектер М. В. Ломоносовго, Ш. О. Кулонго, Г. В. Рихманга ж. б. таандык.
Электр-техниканын калыптанышында үзгүлтүксүз токтун - Вольта мамычасынын (1800), андан кийин гальваникалык элементтердин жаралышы чечүүчү мааниге ээ. 19-кылымдын башында электр тогунун химиялык, жылуулук, жарык жана магнит кубулуштарын пайда кыларын В. В. .Петров, X. К. Эрстед, М. Фарадей, Ж. Генри, А. М. Ампер, Г. С. Ом, Д. Ф. Араго ж. б. изилдешкен. Электрдинамиканын негизи калыптанып, Ом закону, электр-магнит индукциясы ачылды. Электр-техниканын бул баскычы электр машиналарын (кыймылдаткыч жана генератор) пайда кылды. Өнөр жай өндүрүшүнүн, айыл чарбанын, транспорттун дүркүрөп өнүгүшү жана бир топ жаңы өнөр жай тармактарынын, илимий жана техникалык багыттардын түзүлүшү электр-машиналарынын кыймылдаткыч (Якоби, 1834- 38), генератор (Фарадей, 1831) катары колдонулушуна байланыштуу. Электр-машина генератору менен катар токтун химиялык булактары изилденди, коргошун аккумулятору (Г. Планте, 1859) ойлоп табылды. Ал эми электр тогунун химиялык аракетин изилдөө, электр энергиясын технологиялык максатта - электр тогун металлдардын беттерин каптоо үчүн жана алюминий, жез, цинк алууда колдонуу гальванотехниканын пайда болушуна түрткү болду.
Щетка ээси менен электр моторлору үчүн кызыгуу ишенимдүү оролуп жараткан жана кыймылдаткычтын көп кырдуу бетине каалаган кысуу күчү пастасы түзөт.[1]
Жазуулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.