Электр иштеткич

Википедия дан

Электр иштеткич, электр кыймыл бергич - жумушчу машинанын аткаруучу механизмдерин кыймылга келтирип, бул кыймылды технологиялык иштерди аткаруу үчүн башкаруучу электр механикалык система.

Мында механикалык энергиянын булагы катары электр кыймылдаткычы колдонулат. Ал бир же бир нече электр кыймылдаткычтарынан, өткөрүүчү механизмден жана башкаруу аппаратынан турат. Электр иштеткич электр энергиясынын негизги керектөөчүсү (60% ке чейин) жана өнөр жайда механикалык энергиянын башкы булагы болуп эсептелет. Жөнгө салынбоочу Электр иштеткич (айлануу жыштыгы туруктуу) негизинен үч фазалуу асинхрондук, ошондой эле синхрондук электр кыймылдаткычтарынан; жөнгө салынуучу Электр иштеткичте (айлануу жыштыгы акырындан жөнгө салынат) туруктуу токтун электр кыймылдаткычтардан, айрым учурда коллектордуу жана коллекторсуз асинхрондук кыймылдаткычтарынан турат. Жөнгө салынуучу Электр иштеткичте айлануу жыштыгы - каршылыкты, магниттик агымды же чыңалууну өзгөртүү аркылуу; ал эми өзгөрмө токто - жыштыкты өзгөртүү; баскычтуу жөнгө салууда уюлдардын түгөйлөрүн которуу аркылуу акырындан өзгөртүлөт. Өндүрүш процесстерин өнүгүшү менен компьютердин жардамы аркылуу программаланган, автоматташтырылган аралыктан башкарылуучу Электр иштеткич кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4