Электр кыймылдаткычы

Википедия дан

Электр кыймылдаткычы - электр энергиясын механикалык энергияга өзгөрткүч машина.

Электр кыймылдаткычы - өнөр жайдагы, транспорттогу, тиричиликтеги ж. б. кыймылдаткычтардын негизги түрү. Токтун түрүнө жараша туруктуу токтун Электр кыймылдаткычы жана өзгөрмө токтун Электр кыймылдаткычы болуп айырмаланат. Өзгөрмө токтун Электр кыймылдаткычына синхрондуу, асинхрондуу жана коллектордуу Электр кыймылдаткычы кирет. Асинхрондуу Электр кыймылдаткычы кеңири тараган; ал жөнөкөй жана ишенимдүү. Анын кемчилиги - реактивдүү кубаттуулукту көп чыгымдашы жана айлануу ылдамдыгын акырындык менен жөндөө мүмкүн эместиги. Кубаттуу электр кыймылга келтиргичтердин көпчүлүгүндө синхрондуу Электр кыймылдаткычы колдонулат. Айлануу жыштыгын жөндөө мүмкүнчүлүгү зарыл болгон учурда туруктуу токтун Электр кыймылдаткычы жана анча зарыл болбосо, кымбат жана ишенимдүүлүгү аз өзгөрмө токтун коллектордуу Электр кыймылдаткычы колдонулат. Электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу Втт ондогон үлүшүнөн ондогон МВтка чейин жетет. Электр кыймылдаткычы түрдүү транспорттун дөңгөлөктөрүн, көтөргүч транспорт машина, кеме, самолёт ж. б. түрдүү механизмдерди кыймылга келтирүү үчүн, ошондой эле турмуш тиричиликте да кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4