Электр көмөк станциясы

Википедия дан

Электр көмөк станциясы, электрподстанциясы - берилүүчү электр энергиясынын параметрлерин өзгөртүүчү орнотмо.

Чыңалууну же электр тогунун тегин өзгөртүүчү электр орнотмосу же электр түзүлүштөрүнүн жыйындысы болуу менен электр энергиясын керектөөчүлөргө бөлүштүрүү милдетин аткарат. Электр көмөк станциясы бөлүштүрүүчү түзүлүштөрү бар трансформатор көмөк станциясына жана өзгөртүүчү көмөк станцияга бөлүнөт. Трансформатор көмөк станциясында өзгөрмө токтун чыңалуусу жогорулатылып же төмөндөтүлүп, электр энергиясы керектөөчүлөргө бөлүштүрүлөт. Өзгөртүүчү көмөк станция негизинен өзгөрмө токту туруктуу токко айландырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4