Электр сигналдарын күчөткүч

Википедия дан

Электр сигналдарын күчөткүч - активдүү элементтер, радиолампалар ж. б. аркылуу электр менен азыктандыруу булагынын энергиясынын эсебинен кирүүчү сигналдын ток күчүн, электр кубаттуулугун, чыңалуусун күчөтүүчү түзүлүш.

Электр сигналдарын күчөткүч күчөтүү коэффиценти, чыгаруу тилкесинин эни, cигналдын формасын бузуу денгээли, кирүүчү сигнал деңгээлинин уруксат берилүүчү өзгөрүүлөрүнүн диапазону, ички ызы-чуу менен мүнөздөлөт. Электр сигналдарын күчөткүч жумушчу жыштыктын диапазонуна жараша - туруктуу токту, үн жыштыктарын, импульстук жана телекөрсөтүү сигналдарын, аралыктык жыштыкты, радиожыштыкты күчөткүч; схемалык түзүлүшү боюнча - бир каскаддуу (бир активдүү элементи бар) жана көп каскаддуу, симметриялык (2 тактылуу) жана симметриялык эмес чыгыштуу жана кириштүү болуп айырмаланат. Электр сигналдарын күчөткүч байланыш түзүлүштөрүндө, радио уктурууда, өлчөө техникасында, автоматикада, тиричилик аппараттарында ж. б. системаларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4