Элеманов, Турдубек

Википедия дан

ЭЛЕМАНОВ ТУРДУБЕК

Акын, котормочу Турдубек Элеманов Чүй районундагы Бурана айылында 1932-жылдын 19-ноябрында туулган. 1961-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолун 1948-жылы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1955–1957-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1965-жылдан Ош облусунун Баткен районуна караштуу М.В.Фрунзе атындагы орто мектепте мугалим, 1968-жылдан Кыргыз ССРинин Мамтелерадиокомитетинде редактор, 1979-жылдан «Кыргызстан» басмасында көркөм котормо адабияттары боюнча редактор, 1988-жылдан «Адабият» басмасында иштеген.
Чыгармалары 1948-жылдан баштап жарыялана баштаган.
С.Маршактын, Л.Неттонун, Б.Степанюктун, М.Геттуевдин, Н.Хубиевдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1987-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Келечек: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 108 б.

Күндөй жарык заманам: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960.

Мөлтүр булак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 35 б.

Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 61 б.

Ала-Тоом – Ата-журтум: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 64 б.

Улуу көсөм: Поэма, ырлар жана сатиралар. – Ф.: Кыргызстан. 1983. – 92 б.

КОТОРМОЛОРУ

Маршак С.Я. Ырлар жана жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1968. – 102 б.

Паюшкин Н. Алар 17 жашта эле: Документ. повесть – Ф.: Мектеп, 1977. – 158 б.

Куленович С. Жер алдындагы дарыя: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 224 б.

Ашкабак: Сатиралык аңгемелер, юморлор, ырлар жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 140 б.