Элик сүтүн берүү

Википедия дан

Элик сүтүн берүү — өзү төрөбөсө да, эмчегин эмизбесе да, өз баласындай асыроо, балам деп саноо, өздөй кылып багып өстүрүү. "Манас" эпосунда Кыргылчал Чубак менен Каныкей көңүлү жакын деп ушактаганда, Каныкей Чубакты чакырып төмөнкүнү айтат:

Бала бир болуп сен калдың, Чубак,

Эне бир болуп мен калдым, Чубак,

Нойгуттан качып сен келдиң, Чубак,

Эликтей сүтүм мен бердим, Чубак (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 169). Мындан Э. с. б-нүн мааниси толук айкын болуп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4