Эл аралык-укуктук таануу

Википедия дан

Эл аралык-укуктук таануу — кандайдыр бир мамлекет (эл аралык укуктун башка субъекттери) менен юридикалык мамиле түзүүгө даяр экендигин жана аны менен толук кандуу дипломатиялык, өкүлчүлүк ж.б. мамилелерди колдой тургандыгын билдирүүчү мамлекеттин бир тараптуу актысы. Эл аралык-укуктук таануунун түп жайы конституциялык эмес жол менен, улуттук-боштондук кыймылдары же согушуп жаткан тараптар аркылуу жаңы мамлекеттер менен өкмөттөрдүн келип чыгуусуна барып такалат. Теориялык жактан алганда, кайрадан жаралган мамлекеттердин укук субъектиси катары таанылышынын зарылдыгы жок. Ошондуктан, Эл аралык-укуктук таануу укук түзүү жагдайына караганда саясий мааниге көбүрөөк ээ болот. Алар де-факто таануу жана де-юре таануу болуп бөлүнөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7