Эл аралык аймак

Википедия дан

Эл аралык аймак — мамлекеттик аймактан сырткары жаткан, кайсы бир мамлекетке таандык болбогон, жалпы адамзаттык пайдалануудагы, баардык мамлекеттердин колдонуусундагы, укуктук режими эл аралык укук менен аныкталуучу географиялык аймактар. Ачык деңиздер, анын үстүндөгү аба мейкиндиги, континенттик шельфтин сыртындагы деңиз түбү, Антарктида, космос мейкиндиктери, Ай жана башка асман нерселери эл аралык аймакка кирет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7