Эл аралык деңиз укугу

Википедия дан

Эл аралык деңиз укугу ― мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын деңиздерди, океандарды жана алардын байлыктарын, айрым учурларда ― деңиз аймактарынын үстүндөгү аба мейкиндиктерин (м.: кысыктарды, ачык деңизди ж.б.) пайдаланууга байланыштуу ишмердиктеринен келип чыккан өзара мамилелерин жөнгө салуучу укуктук принциптердин жана ченемдердин жыйындысы. Эл аралык укуктун маанилүү тармактарынын бири. Ачык деңизде кемелердин эркин жүрүүсү жана алардын үстүндө эркин учуу, аймактык деңиздер аркылуу чет элдик кемелердин тынч өтүү укугу, эл аралык кысыктар аркылуу кемелердин транзиттик өтүүгө жана алардын үстүнөн учуучу аппараттардын учуп өтүүгө укуктары Эл аралык деңиз укугунун өзгөчө ченемдери жана принциптери болуп саналат. Эл аралык деңиз укугунун башкы булагы ― БУУнун 1982-жылы кабыл алынып, 1994-жылы октябрда күчүнө кирген деңиз укуктары боюнча конвенциясы.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7