Эл аралык келишимдер укугу

Википедия дан

Эл аралык келишимдер укугуэл аралык укуктун тармагы, анын ченемдери эл аралык келишимдердин анык шарттарын, аларды түзүүнүн, колдонуунун, өзгөртүүнүн жана токтотуунун тартибин аныктайт.

Бул тармактын объектиси — эл аралык укуктун башкы булактарынын бири катары эл аралык келишим болуп саналат.

Эл аралык келишимдер укугу алардын аталышына, объектисинин таризине жана түзүлүү жолжобосуна карабастан, эл аралык келишимдердин баардык түрлөрүнө таркалат.

Эл аралык келишимдер укугунун негизги булактары — эл аралык-укуктук адат жана эл аралык келишим укугу жөнүндөгү 1969-жылдагы Вена конвенциясы.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7