Эл аралык мамилелердеги Вена системасы (Европалык концерт)

Википедия дан

Эл аралык мамилелердеги Вена системасы (Европалык концерт) - Наполеон I (1799—1814; 1815) согушунан кийин түптөлүп, көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болуп, Биринчи дүйнөлүк согушка (1814-1815) чейин орун алган Европадагы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин системасы.

Анын негизги принциптери Вена конгрессинде каралып (1814-1815), бекитилген. Эл аралык мамилелердеги Вена системасынын өзөгү күчтүү европалык монархиялардын (Орусия да кирген улуу державалар) Европадагы территориалдык жана саясий статус-квого карата жалпы макулдашууга негизделген; ошондой эле жогорудагы система революция коркунуч туудурган өлкөлөрдүн жашоосуна коллективдүү түрдө кийлигишүүгө жол ачып бере алган. XIX к. Европада «улуттук кызыкчылыктар жана күчтөр арасындагы карым-катнаштардын өзгөрүүсү дипломатиялык оюнду аныктап, союздардын пайда болуусу жана урашы, таасир этүү чөйрөсүнүн өзгөрүшүнө өбөлгө түзгөн» (Г.Киссинджер, «Дипломатия»),

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8