Эл аралык трибунал

Википедия дан

Эл аралык трибуналэл аралык кылмыш үчүн айыптоо боюнча жеке жактар менен мамлекеттердин үстүнөн сот ишин жүргүзүүчү эл аралык орган, эл аралык кылмыш-жаза сот акыйкаттуулук механизминин маанилүү курамдык бөлүгү.

Ар кандай мезгилде төмөндөгүдөй эл аралык трибуналдар түзүлгөн:

1) 1945-жылкы Эл аралык аскер трибуналынын уставынын негизинде аракеттенген Нюрнбергдеги Эл аралык аскер трибуналы;

2) 1946-жылкы Жапониядагы биримдик мамлекеттердин аскер башчылары тарабынан бекитилген Уставдын негизинде аракеттенген Ыраакы Чыгыш үчүн Эл аралык аскер трибуналы;

3) 1993-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган Уставдын негизинде аракеттенген 1991-жылдан мурдагы Югославиянын аймагында (Гаага) жасалган эл аралык гуманитардык укуктарды одоно бузууларга жоопкер жактарды сот жоопкерчилигине тарта турган эл аралык трибунал;

4) 1995-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган Уставдын негизинде 1994-жылдын 1-январынан 1994-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Раунданын аймагында тукумкурут кылууга жана эл аралык гуманитардык укуктарды одоно бузууга жоопкер жактарды, жана ага коңшу мамлекеттердин аймагында тукумкурут кылуу жана ушу сыяктуу кылмыштарга жоопкер Раунда жарандарын сот жоопкерчилигине тарта турган Эл аралык кылмыш-жаза трибуналы.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7