Эл аралык уюл жылы

Википедия дан

Эл аралык уюл жылы - бир катар өлкөлөр жалпы программа жана бирдей ыкма менен уюлдук региондордо геофизикалык байкоолор жүргүзгөн мезгил.

Төрт Эл аралык уюл жылы өткөрүлгөн. Биринчи Эл аралык уюл жылында (август 1882-1883) геофизикалык, метеорол. ж. б. байкоолор жүргүзүлгөн. Он эки өлкөнүн илимпоздорунун иш-аракети менен Арктикага 13, Антарктикага 2 экспедиция уюштурулган. Бул байкоолордун жыйынтыгы Уюл жаркырагын, Арктиканын климаты менен аба агымын ж. б-ды изилдөөдө чоң мааниге ээ болгон. Экинчи Эл аралык уюл жылында (август 1932-1933) атмосферага радиозонддук, радиофизикалык жана акустикалык байкоолор жүргүзүлүп, Арктикага бир нече, Антарктикага 1 экспедиция уюштурулган. Үчүнчү Эл аралык уюл жылы (1957-58) Эл аралык геофизика жылы деп аталган. Төртүнчү Эл аралык уюл жылы2007жылдын 1-мартынан 2009-жылдын мартына чейин өткөрүлгөн. Ал атмосфераны жана климатты, Дүйнөлүк океанды жана океанологияны, биосферадагы көйгөйлөрдү жана океан биологиясын, ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди изилдөөгө арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4