Эл аралык финансы корпорациясы
Эл аралык финансы корпорациясы - БУУнун адистештирилген мекемеси.
Эл аралык финансы корпорациясына катышкан өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн жеке секторуна капиталдык салым жумшоо максатында 1956-ж. Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын филиалы катары уюшулган. 1980-ж. Эл аралык финансы корпорациясына 109 мамлекеттик кирген. Турган жери - Вашингтон.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4