Эл душмандары

Википедия дан

"Эл душмандары" (англ. Public Enemies, орус. Джонни Д.) — биографиялык криминалдык драма. Америкада 2009-жылы тартылган. Режиссеру Майкл Манн, сценарийдин авторлору Манн, Ронан Беннетт жана Энн Байдерман. Тасма Брайан Барроудун "Эл душмандары: Америкадагы кылмыштардын эң чоң толкуну жана ФЧКнын жаралышы, 1933–34" даректүү романына негизделип ылайыкташтырылып экрандаштырылган. "Улуу депрессия" маалын чагылдырган кинотасмада белгилүү банк каракчысы Жон Диллинжердин (Жонни Депп) окуясы баяндалат. Анын артынан Федералдык чалгындоо кызматынын (ФЧК) тыңчысы Мелвин Парвиз (Кристиан Бейл) түшүп алган болот. Диллинжердин Билли Фрешетт (Марион Котийяр) менен мамилеси, Парвиз Диллинжердин тилектештеринин жана кылмышкер достору Гомер Ван Метер (Стивен Дорф) менен Бөбөк Нельсондун (Стивен Грехем) изине түшүп алышы экрандаштырылган.

Барроу башында Америка Кошмо Штаттарында болгон "Депрессия доорундагы" кылмыш толкуну тууралуу кыскача сериалдарды тарткысы келген. Бирок бул тууралуу ал китеп эле жазып турууну чечкен. Манн долбоорду иштеп чыккан. Айрым сахналар чыныгы окуя болгон жерде тартылган болсо да тасма толугу менен тарыхый жактан кылдат деп айтууга болбойт.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]