Жонни Депп

Википедия дан
Johnny Depp (2011)

Жон Кристофер "Жонни" Депп II (англ. John Christopher "Johnny" Depp II; 1963-жылы 9-июнь) – америкалык актер, продюсер жана музыкант. Депп "Алтын глобус " жана АКШ киноактерлор гильдиясынын сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинацияларынын жеңүүчүсү болгон. Актер 1980-жылдары чыккан "Жамп-стрит, 21" (англ. 21 Jump Street) телесериалында роль аткарып атактуулукка жетип жаш өспүрүмдөрдүн жылдызы болгон.

Актер "жашоодон тышкары" ролдору аткаруу максатты алдына коюп, 1986-жылы Оливер Стоундун Вьетнам согушу жөнүндөгү "Взвод" (англ. Platoon) тасмасында жардамчы ролун аткарган, кийин, актер "Кайчы колдуу Эдвард" (англ. Edward Scissorhands, 1990) романтикалык муңдуу фантазияда башкы ролду аткарган. Кийин актер "Уйкулуу колот" (англ. Sleepy Hollow, 1999), "Кариб деңизинин каракчылары: Кара берметтин каргышы" (англ. Pirates of the Caribbean: The Curse of the Black Pearl, 2003) укмуштуу окуялуу фантазия тасмасында жана анын уландыларында, "Чарли жана шоколад фабрикасы" (англ. Charlie and the Chocolate Factory, 2005), "Алиса керемет дүйнөдө" (англ. Alice in Wonderland, 2010) сыяктуу финансылык жактан ийгиликтүү тасмаларда тартылган жана "Ранго" (англ. Rango, 2011) күлкүлүү вестерн жанрындагы мультфильминде башкы каармандын үнүн коштогон. Актер режиссер, продюсер жана досу Тим Бөртондун тогуз тасмасында тартылган.

Депп дүйнөнүн эң мыкты актеру болуп саналат. Депп "Эд Вуд" (англ. Ed Wood), "Донни Браско" (англ. Donnie Brasco), "Лас-Вегаста коркуу жана жек көрүүчүлүк" (англ. Fear and Loathing in Las Vegas), "Сокку" (англ. Blow), "Түштөр өлкөсү" (англ. Finding Neverland), Майкл Манндын "Эл душмандары" (англ. Public Enemies) тасмаларда тартылып жана "Кара масса" (англ. Black Mass) тасмада Бостон гангстери Уайти Блажердин ролун аткарганы менен дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Депп тартылган тасмалардын кассалык кирешеси АКШда 3,2 миллиардтан ашык долларга жана дүйнө жүзү боюнча 8 миллиардтан ашык долларга тете. Актер роль аткарган финансылык жактан ийгиликтүү тасмалары: "Кариб деңизинин каракчылары", "Алиса керемет дүйнөдө", "Чарли жана шоколад фабрикасы" жана "Саякатчы" (англ. The Tourist).

Депп көптөгөн ири сыйлыктардын номинацияларынын талапкери болгон, алардын ичинде "Оскар" сыйлыгынын үч "Эң мыкты актер" номинациясы да кирет. Депп "Суини Тод: Флит-Стрит көчөсүнүн шайтан чач-тараччысы" (англ. Sweeney Todd: The Demon Barber of Fleet Street) тасмада роль аткарганы үчүн "Глтын глобус" сыйлыгына татыган, ал эми "Кариб деңизинин каракчылары: Кара берметтин каргышы" үчүн актер Киноактерлор гильдиясынын сыйлыгынын "Башкы актердун көрүнүктүү аткаруусу" номинациясына татыган. 2012-жылы Депп 75 миллион доллардык кирешеси менен Гиннес китебине "Иш акыны көп ала турган актер" катары жазылган. 2015-жылы актер Disney жылдызы наамына ээ болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]