Кариб деңизинин каракчылары (тасмалар сериясы)
| Кариб деңизинин каракчылары (тасмалар сериясы) | |
|---|---|
Кариб деңизинин каракчылары (Pirates of the Caribbean film series) | |
| Продюсер | Джерри Брукхаймер |
| Сценарийи | Терри Россио Тед Эллиотт |
| Тартылгандар | Джонни Депп Джеффри Раш Кевин МакНелли Орландо Блум (1—3, 5) Кира Найтли (1—3) Пенелопа Крус (4) |
| Музыкасы | Ханс Циммер Клаус Баделт (1) |
| Директору | Гор Вербински (1—3) Роб Маршалл (4) |
| Студия | Walt Disney Pictures |
| Узактыгы | 600 мүн. (1—4) |
| Өлкөсү | |
| Тили | Англис тили |
| Бюджети | 4 фильм: 915 млн долл. |
| Киреше | 4 фильм: 3,7 млрд долл. |
«Кариб деңизинин каракчылары» (англ. Pirates of the Caribbean) — Кариб деңизиндеги каракчылар тууралуу фильмдер жыйындысы. Фильмдин режиссёрлору болуп Гор Вербински (1—3—бөлүктөр) жана Роб Маршалл (4-бөлүк) турган. Каракчылар туурасында бардык фильмдердин (4 фильм) сценарийин Терри Россио жана Тед Эллиот жазып чыгышса, Джерри Брукхаймер продюсерлик кылган. Фильмдер Walt Disney Pictures компаниясынын продуктулары. Бардык бөлүмдөгү фильмдеги каармандар болуп — капитан Джек Таранчы (Воробей) (Джонни Депп) жана капитан Гектор Барбосса (Джеффри Раш) аткарышса, экинчи пландагы каармандарды — Уилл Тёрнер (Орландо Блум), Элизабет Суонн (Кира Найтли), Джошами Гиббс (Кевин МакНелли), төртүнчү бөлүктө кошулган Анжелика (Пенелопа Крус) ойноп беришкен.

Бул фильмдер тобунун биринчи бөлүгү болгон — «Кариб деңизинин каракчылары: Кара берметтин каргышы» — аттуу фильм 2003-жылы 9-июлда чыккан. Бул фильмдин жараткан ийгиликтери Walt Disney Pictures компаниясын дагы эки фильм тартып, үчилтик түзүүгө түрткү болгон.
2006-жылы 7-июлда биринчи фильмдин уландысы болгон — «Кариб деңизинин каракчылары: Өлүктүн сандыгы» аттуу фильм чыккан. Фильм дүйнөлүк прокатта миллиарддан ашык доллар топтоп, эң көп акча топтогон фильмдердин арасында 3-орунга илинген (2006-жылкы абал боюнча).
2007-жылдын 25-май күнү үчүнчү фильм — «Кариб деңизинин каракчылары: Жер түбүндө» чыккан. Бардык үч фильмдин топтогон каражаттары 2 млрд доллардан ашкан. 2008-жылдын сентябрь айында Джонни Депп төртүнчү фильмге тартылуу тууралуу контракка кол койгон
2011-жылы 20-майда «Кариб деңизинин каракчылары: Таң калыштуу жээк бетинде» фильми 2D, IMAX, 3D жана IMAX 3D форматтарында чыккан. Мындан сырткары, Walt Disney компаниясы фильмдин дагы бир бөлүгүн 2017-жылы чыгараарын билдирген[1]. Ал эми алтынчы бөлүгү да чыггары күтүлүүдө (болжолу менен 2019-жылы).
Актерлор жана каармандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Таблица тууралуу:
- Кара-боз түстөгү — каарман аталган фильмде тартылбайт, ал эми ак түстөгү — тартылат.
Тартуу тобу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Роль | Фильм | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Кара берметтин каргышы | Өлүктүн сандыгы | Жер түбүндө | Таң калыштуу жээк бетинде | Өлүктөр жомок айтышпайт | |||||
| Режиссёру | Гор Вербински | Роб Маршалл | Хоаким Роннинг Эспен Сандберг | ||||||
| Продюсери | Джерри Брукхаймер | ||||||||
| Сценаристи | Тед Эллиотт жана Терри Россио; Стюарт Битти менен Джей Уолперт |
Тед Эллиотт жана Терри Россио | Джефф Натансон | ||||||
| Композитору | Клаус Баделт жана Ханс Циммер | Ханс Циммер | |||||||
| Оператору | Дариуш Вольский | ||||||||
Топтогон каражаттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Фильм | Кассалык жыйыноолор (долл.), анын ичинде: | Бюджет | Булак | ||
| АКШ | Башка өлкөлөр | Бардыгы | |||
| Кара берметтин каргышы | [2] | ||||
| Өлүктүн сандыгы | [3] | ||||
| Жер түбүндө | [4] | ||||
| Таң калычтуу жээк бетинде | [5] | ||||
| Жалпы | |||||
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Официалдуу сайты
- Калып:Wikia
- Pirates of the Caribbean 4 Archived 2016-10-21 at the Wayback Machine — Кариб деңизинин каракчылары (Онлайн)
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Drew McWeeny. Disney will set sail for 'Pirates of the Caribbean' 5 & 6 back-to-back (en), HITFIX (4 December 2010). Архивировано из первоисточника 3 -декабрь (бештин айы) 2014. Текшерилген күнү 12 -декабрь (бештин айы) 2015.
- ↑ Pirates of the Caribbean: The Curse of the Black Pearl (2003) - Box Office Mojo. Текшерилген күнү 23 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 5 Апрель 2013.
- ↑ Pirates of the Caribbean: Dead Man's Chest (2006) - Box Office Mojo. Текшерилген күнү 23 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 5 Апрель 2013.
- ↑ Pirates of the Caribbean: At World's End (2007) - Box Office Mojo. Текшерилген күнү 23 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 5 Апрель 2013.
- ↑ Pirates of the Caribbean: On Stranger Tides (2011) - Box Office Mojo. Текшерилген күнү 23 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 5 Апрель 2013.