Эмгектин бөлүнүшү

Википедия дан

Эмгектин бөлүнүшү - эмгектин дифференциацияланышы жана адистештирилиши бөлүнүп чыгышына жана бир эле учурда анын бир нече түрү болушуна алып келет.

Эмгектин коомдук бөлүнүшү - коомдо элдин белгилүү тобу аткаруучу түрдүү социалдык милдеттердин бир бүтүн катары дифференциацияланышы жана ага байланыштуу коомдун түрдүү чөйрөлөргө (өнөр жай, а. ч., шаар жана кыштак, илим, искусство, армия ж. б.) бөлүнүшү; өз кезегинде бул чөйрөлөр кыйла майда тармактарга ажырайт.

Эмгектин техникалык бөлүнүшү - эмгектин ишкана, уюм ичинде бир катар жарым-жартылай милдет жана операция аткарууга бөлүнүшү, эмгектин коомдук жана техникалык бөлүнүшүнөн билинет. Өндүрүштү өлкө ичинде жана өлкө аралык адистештирүү эмгектин аймактык жана эл аралык бөлүнүшү деп аталат. Эмгектин бөлүнүшүнүн тиби үстөмдүк кылган өндүрүш мамилелери менен аныкталат. Эмгектин алгачкы бөлүнүшү (калктын жынысы жана курагы боюнча) табигый мүнөздө болот. Кийин Эмгектин бөлүнүшү башка факторлордун аракети (мүлк жагынан теңсиздиктин өсүшү ж. б.) менен бирге таптардын пайда болушуна, шаар менен кыштактын, акыл эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы карама-каршылыкка алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9