Эмгек гигиенасы

Википедия дан

Эмгек гигиенасы (кесип гигиенасы) — гигиенанын эмгек процессинин, өндүрүштүк чөйрөнүн анда иштегендердин организмине тийгизген таасирин изилдөөчү бөлүгү.

Жагымдуу эмгек шарттарын түзүүгө багытталган санитария-гигиеналык жана дарылоо, алдын алуу нормативдерин, чараларды иштеп чыгат. Өндүрүш шарттарында абанын ысык же муздак температурасы, өтө ысуу, чаң, зыяндуу химиялык заттар, ызы-чуу, дирилдөө, электр-магниттик толкундардын таасиринен адамдын ден соолугу начарлап, эмгекке жөндөмдүүлүктү азайтууга алып келиши мүмкүн. Бул жагымсыз шарттарды жоюу жана алдын алуу үчүн эмгек процессинин өзгөчөлүгүн, жабдуулардын, иштетилүүчү материалдардын организмге тийгизген таасирин, эмгектин санитариялык шарттарын, эмгек процесстеринин уюштурулушу жана мүнөзү, иш учурунда физиологиялык функциялардын өзгөрүшү изилденет.

Автор: Халилов Маматкарым


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8