Эмгек кодекси

Википедия дан

Эмгек кодекси - эмгекчилер (жумушчу, ишкер ж. б.) менен жумуш берүүчү тараптын (ишкана, мекеме, уюм, жеке менчик чарба ж. б.) ортосундагы эмгек мамилелерин укуктук жактан жөнгө салуучу мыйзамдар жыйнагы.

Мис., 2004-ж. кабыл алынган КР Э. к-нин жарандардын эмгектик укуктарынын жана эркиндиктеринин мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө, кызматкерлер менен иш берүүчүлөргө ыңгайлуу иш шартын түзүү, укуктарын (беш күндүк жумуш жумасы, сегиз сааттык жумуш күн ж. б.) же таламдарын (убактылуу эмгекке жарамсыз учурда компенсация төлөп берүү, ар жылдык өргүү укугу ж. б.) коргоо каралган. Мындан тышкары Эмгек кодексинде эмгек мамилесиндеги жамааттык келишимдер же макулдашуулар (иш берүүчү менен аны аткаруучунун ортосундагы), эмгек келишимдеринде каралган эмгек шарттарын камсыз кылуу, ички эмгек тартибин сактоо, кызматкердин иш-милдеттерин жөнгө сала турган негизги мыйзам болуп саналат. КР Эмгек кодекси бардык мамлекеттик кызматчылар, жергиликтүү мекеме-ишканалар, ошондой эле коммерциялык багытта иш алып барган ишкана-уюмдар үчүн бирдей норма болуп саналат жана эмгек мыйзамдарын ж. б. актыларды бузуу кылмышка жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4