Эмгек рыногундагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары

Википедия дан

Эмгек рыногундагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары. Эмгек рыногунун саясаты - өз каражаттарынын арсеналына активдүү да, пассивдүү да чараларды камтыган мамлекеттин социалдык саясатынын эң маанилүү бутактарынын бири.

Иш менен камсыз кылуунун жигердүү саясаты - бул иши жок, бирок иштөөнү каалаган адамдарды, бошонуу коркунучунда тургандарды колдоо системасынын механизмдерин иштеп чыгуу.

Иш менен камсыз кылуу жаатынан мамлекеттик саясаттын биринчи кезектеги милдети иш менен камсыз кылуунун жана жумушсуздукту болтурбай калуунун натыйжалуу системасын түзүү, төмөнкүдөй жолдор менен эмгек рыногунда жумушчу күчүнө суроо-талап менен анын сунушунун ортосундагы кыйла мүмкүн болуучу балансылашууну камсыз кылуу болуп эсептелет:

  • жаңы жумуш орундарын жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарт түзүү;
  • иш менен камсыз кылуу жагынан социалдык жактан коргоону камсыз кылуу;
  • өзгөчө социалдык жактан коргоого муктаж жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүчү иш берүүчүлөрдү кубаттоо;
  • иш менен камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгууда, жүзөгө ашырууда жана алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылууда кесиптик союздардын, иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын (союздарынын), мамлекеттик башкаруу органдарынын өз ара байланышы;
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын жана республикадагы чет өлкөлүк жарандардын эмгегин кошкондо, калкты иш менен камсыз кылуу проблемалары боюнча Эл аралык кызматташтык.

Эмгек рыногундагы жигердүү саясат калктын ар кыл топторуна дифференцияланган мамилелерди иштеп чыгууну талап кылат. Алсак, көп балалуу энелер, наристе балдары бар аялдар, пенсия курагынын алдындагы адамдар ж.у.с. атайын колдоого, аларга карата жумуш убактысынын стандарттык эмес режимдерин колдонууга муктаж. Жумушка орношууда кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн жарандарга (жаштарга, эркинен ажыратуу жайынан кайтып келише турган адамдарга, узак үзгүлтүктөн кийин жумуш издегендерге), эң оболу, иш менен камсыз кылуу кызматтарынын квалификациялуу арачылыгы жана кесиптик жактан калыбына келтирүүнүн атайын программалары зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9