Эмгек ырлары

Википедия дан

Эмгек ырлары – элдик оозеки адабияттагы эмгек процессинин жүрүшүндө ырдалуучу лирикалык мүнөздөгү ырлар. Эмгек ырларынын негизги максаты – элдин оор эмгегин жеңилдетүү, эмгек куралдарына демөөр берүү, эмгектин натыйжасына карата адамдардын үмүт – тилегин чагылдыруу.Махмуд Кашкарлыктын «Түркий тилдер сөз жыйнагы» деген эмгегинде түрк урууларынын эмгек ырларынын алгачкы үлгүлөрү берилген. Эмгек ырлары – оозеки чыгармачылыктын эң байыркы көрүнүшү. Эмгек ырлары жумуштун түрлөрүнө карай жаралган. Мергенчилик кылуу, кийим бычып – тигүү, жаргылчак тартуу, эгин себүү – бастыруу мезгилинде, уй сааганда, жылкы кайтарганда ошол иштердин мүнөзүнө, ритмине карай аткарылган. Эмгек ырларына кыска – кыска ыргак, ачык – даана көрүнгөн уйкаш, ар кандай кошумча сүрөттөөлөр, обондуулук мүнөздүү болуп, көбүнчө жамаатташкан мөнүздө аткарылган. Элге кеңири белгилүү эмгек ырлары – «Оп майда», «Бекбекей», «Шырылдаң», «Тон чык».