Эммануэль Макрон

Википедия дан
Эммануэль Макрон
фр. Emmanuel Macron
Эммануэль Макрон
Желек
Желек
Франция президенти
желек
желек
 14-май 2017
Өкмөт башчысы: Эдуар Филипп
Андан мурунку: Франсуа Олланд
Желек
Желек
Андорра князи
желек
желек
 14-май 2017
Тектеш башкаруучуь: Жоан Энрик Вивес-и-Сисилья
Өкмөт башчысы: Антони Марти
Андан мурунку: Франсуа Олланд
Желек
Желек
«Алга!» кыймылынын төрагасы
желек
желек
6-апрель 2016 — 8-май 2017
Андан мурунку: кызмат түзүлгөн
Андан кийинки: кызмат аты өзгөргөн
Катрин Барбару
Алга, Республика!» партиясынын төрайымынын м.а.);
Кристоф Кастанер
Алга, Республика!» партиясынын генералдык делегаты)
Желек
Желек
Франциянын экономика, финансы жана санарип экономика министри
26-август 2014 — 30-август 2016
Өкмөт башчысы: Мануэль Вальс
Президент: Франсуа Олланд
Андан мурунку: Арно Монтебур
Андан кийинки: Мишель Сапен
Желек
Желек
Франция президентинин башкатчысынын орун басары
12-май 2012 — 15-июль 2014
Президент: Франсуа Олланд
Андан мурунку: Жан Касте
 
Туулган жылы: 21 -декабрь 1977(1977-12-21) (46 жаш)
Туулган жери: Амьен, Франция
Туулганда берилген ысымы: фр. Emmanuel Jean-Michel Frédéric Macron
Атасы: Жан-Мишель Макрон
Апасы: Франсуаза Ноге
Жубайы: Брижит Макрон
Партиясы: Социалисттик партия (2006—2009)
«Алга!» (2016—2017)
Билими: Улуттук администрация мектеби (2004)
Саясий изилдөөлөр институту
Генрих IV лицеи
Батыш Париж — Нантер-ля-Дефанс университети
«Ля-Провиданс» мектеби
Ишмердүүлүгү: банкир, саясатчы

Эммануэ́ль Жан-Мише́ль Фредери́к Макро́н (фр. Emmanuel Jean-Michel Frédéric Macron, 21-декабрь 1977, Амьен, О-де-Франс, Франция) — франциялык мамлекеттик ишмер, саясатчы, 2017-жылдын 14-майынан тарта Франциянын президенти.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пикардия университетинин неврология профессору Жан-Мишель Макрон менен дарыгер Франсуаз Макрон-Ногестин үй-бүлөсүндө туулган. Батыш Париж — Нантер-ля-Дефанс университетин, Париждеги Саясий изилдөөлөр институтун жана Улуттук администрация мектебин аяктаган.

Макрон 2004—2008-жылдар аралыгында Экономика министрлигинде инспектор болуп иштеген. 2007-жылдан баштап Жак Аттали башкарган француз өсүүсүн жакшыртуу жөнүндөгү Комиссиянын баяндамачысынын орун басары кызметын аткарган. Rothschild & Cie Banque банкында инвестициялык банкир болуп иштеп, ал кызматында каржы Моцарты деген лакап атка конгон.

Саясий ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2006-жылдан 2009-жылга чейин Социалисттик партиянын мүчөсү болгон.

2012-жылдан 2014-жылга чейин Олланддын башкатчысынын орун басары болуп иштеген. 2014-жылы 15-июльдп кызматтан кетип, 26-августта экономика министри болуп дайындалган.

Макрондун бийликтеги эң башкы жетишкендиги — «экономикалык өсүү, активдүүлүк, жана мүмкүндүктөр теңдик үчүн мйызамын» кабыл алганы. «Макрондун мыйзамы» аталган мыйзам 2015-жылы 6-августта кабыл алынган.

2016-жылы 6-апрельде Макрон «Алга!» кыймылын түзүп, аны «оң да, сол да тараптыкы эмес» деп кабарлаган.

2016-жылдын 16-ноябрында Макрон 2017-жылы президенттик шайлоого катыша турганын билдирип, «Révolution» («Революция») атту китеп-программасын жарыкка чыгарган.

Шайлоодо 23,86% добуш алып, экинчи турга чыккан. Макрондун кандидатурасын «Республикалыктар» партиясынын кандидаттары жана социалисттер Франсуа Фийон менен Бенуа Амон колдогон.

Экинчи турунда каршылашы Марин Ле Пен менен жарышып, шайлоодо жеңишке жеткен. Ошондо Макрон Франциянын тарыхында эң жаш президент болду.

2017-жылы 8-майда Макрон «Алга, Республика!» партиясынын төрагасынын кызматынан кеткен.

2017-жылы 14-майда Эммануэль Макрон Француз Республикасынын президентинин кызматына расмий түрдө киришкен.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылы Макрон француз тил сабагын берген мугалими Брижит Троньёго үйлөнгөн. Жубайы өзүнөн 25 жаш улуу. Макрондун өзүнүн балдары жок, Брижиттин мурунку никесинен үч баласы жана жети небереси бар.

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]