Эмма Стоун

Википедия дан

Эмили Жин "Эмма" Стоун (англ. Emily Jean "Emma" Stone; 1988-жылы 6-ноябрь) – америкалык актриса. 2015-жыл боюнча иш акыны эң көп ала турган актриса бир канча сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде: "Оскар", BAFTA, "Алтын глобус " сыйлыктары жана үч АКШнын киноактерлор гильдиясынын сыйлыгы. Актриса Forbes Celebrity 100 тизмесине 2013-жылы кирген, ал эми Time 100 тизмесине 2017-жылы. ММКда актриса "өз муунунун эң таланттуу актрисасы" катары сүрөттөлөт.

Скотсдейлде (Аризона) туулуп өскөн актриса кичинекей кезинен баштап актердук ишин баштаган, ошентип ал 2000-жылы "Мажүрүм тал арасындагы шамал" (англ. The Wind in the Willows) театрдык оюнда роль аткарган. Өспүрүм бала кезинде актриса апасы менен Лос-Анжелеске көчүп VH1 телеканалдын бир пилоттук сериядан турган "Партриждин жаңы үй-бүлөсү" (англ. In Search of the New Partridge Family, 2004) телевизиондук тасмада биринчи ири ролун аткарган. Бир канча кичинекей телевизиондук ролдордон соң актриса "Аябай начар" (англ. Superbad, 2007) тасмада аткарган ролу үчүн Young Hollywood Award сыйлыкка татыган жана "Зомбилер өлкөсү" (англ. Zombieland, 2009) тасмада тартылганы үчүн ММКнын көңүлүн өз чыгармачылыгына бурган.

2010-жылы жарыкка чыккан "Мыкты окуучунун алаңзарлыгы" (англ. Easy A) өспүрүмдөрдүн күлкүлүү окуялуу тасмасында аткарган ролу үчүн актриса BAFTA Rising Star Award сыйлыгына жана "Алтын глобус " сыйлыктын "Эң мыкты актриса" номинациясына татыган. Мындан кийин актриса финансылык жактан ийгиликтүү болгон "Обу жок акылсыз сүйүү" (англ. Crazy, Stupid, Love, 2011) романтикалык күлкүлүү окуялуу тасмада Райан Гослинг менен бирге экинчи пландагы ролдо тартылган, андан кийин "Жардам" (англ. The Help, 2011) тасмада Виола Дэвис менен бирге тартылган. Актриса 2012-жылы "Укмуштуу жөргөмүш адам" (англ. The Amazing Spider-Man) жана анын уландысында (2014) Гвен Стейсинин ролун аткарып кеңири белгилүүлүккө жеткен. Стоун "Куш адам" (англ. Birdman, 2014) тасмада баңгизатка көз каранды болгон каармандын ролун аткарганы үчүн "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" номинациясынын талапкери болгон. Актриса "Кабаре" (англ. Cabaret, 2014-2015) мюзиклинде биринчи Бродвей ролун аткарган. Актриса эң ийгиликтүү деп табылган "Ла-Ла Ленд" (англ. La La Land, 2016) тасмада аткарган ролу үчүн "Оскар", BAFTA жана "Алтын глобус " сыйлыктардын "Эң мыкты актриса" номинацияларынын жеңүүчүсү болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]