Эмпириокритицизм

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Эмпириокритицизм, Ма-хизм – философиядагы Авенариус ж-а Мах тарабынан негизделген субъективдүү – идеалисттик багыт.

Эмпириокритицизм материалдуу дүйнөнүн объективдүү жашашын танат ж-а заттарды аң-сезимдин кубулушу, сезим-туюмдун комплекси катары карайт. Дүйнөнү таанып билүүнүн негизги закону катары ойлоонун, ой жүгүртүүнүн экономиясын эсептеп, Э. опытты, тажрыйбаны аңдап билүүнүн материя түшүнүгүнөн «тазалайт». Натыйжада Э. дүйнө ж-дөгү элестөөлөрдү «нейтралдуу элементтердин» жыйындысы катары карайт. Философиянын нейтралдык талабын жамынган берклианство м-н юмизмдин кайра жаралуусун символдоштурат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8