Эн

Википедия дан

Эн – үй жандыгына салынуучу өзгөчө белги. Эн малдын кайсы урукка, топко же адамга тиешелүү экендигин көрсөткөн. Эн малдын кулактарына ар кандай түрдө салынган: оюк, тилик, жара тилик, кыйык. Эн тамга сыяктуу уруулук-уруктук мамилелерди, мүлк теңсиздигин айгинелеген көрүнүш болуп эсептелген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.