Энге-Төрө

Википедия дан

Калып:Өчүрүү

Энге-Төрө — "Мажму ат-таварихте " Токтомуштун аталаш бир тууганы, моңгол урууларынын башкаруучусу, Манас баатырдын союздашы. Уулу Мухамед-бекти он миң могол менен калмакка каршы жиберген. Ал эми тарыхый булактар боюнча ал Моголистан мамлекетинин улук башкаруучуларынын бири болгон. 1387—88-ж. Тимурга каршы Токтомуш менен союз түзүп, Ташкен, Самаркан жана Бухара айланасына чабуулга катышкан. Тимур 1389-ж. жана 1390-ж. Моголстанга жасаган жортуулдарында Э. т-нү Тарбагатайда жана Каратал дарыясынын боюнда жеңген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4