Эндокардит

Википедия дан
Эндокардит

Эндокардит (жаңы лат. endocarditis; байыркы грек тилинен ἔνδον — ичинде, καρδία — жүрөк, + itis) — жүрөктүн ички кабыгынын (эндокарддын) сезгениши.

Кишинин жүрөгүнүн схемалык көрүнүшү (узунунан жара кесилиши): 1—сырткы кабы (эпикард); 2— булчуңдуу кабы (миокард); 3— ички кабы (эндокард); 4— жүрөк клапандары. Эндокардитте жүрөктүн ички кабы жана клапандары жабыркайт.

Кызыл жүгүрүктөн болгон эндокардит көп учурайт, ошондой эле сепсис, котон жара, кургак учуктан, кээде миокарддын инфарктынын жана башкалар оорулардын кабылдоосунан пайда болот. Эндокардитте жүрөк клапандары сезгенет да, кийин тырыкка айланып, тегиз жабылбай, жүрөк кемтигин пайда кылат. Кызыл жүгүрүктөгү эндокардитте кишинин алы кетип, бир аз эти ысыйт, жүрөк тез-тез кагып, жагымсыз сезим пайда болот. Эндокардитти ооруканада дарылоо керек. Эндокарддагы сезгенүү айыкканча оорулуу төшөктө жатуусу зарыл. Тузу кем, витаминге бай тамак ичүүгө тийиш. Эндокардиттин алдын алууда аны пайда кылуучу ооруларды (ангина, өпкөнүн сезгениши, нефрит, тиштин чириши жана башкалар) өз убагында дарылоо, организмди чыңдоо маанилүү. Оору кайталанбас үчүн ооруп айыккандар врачтын көзөмөл үндө, болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8