Энелер мектеби

Википедия дан

Энелер мектеби - Чех педагогу Я. А. Коменский өзүнөн мурдагы окумуштуулардын жана үй-бүлөдөгү тарбия тажрыйбаларын пайдаланып, биринчилерден болуп мектепке чейинки курактагы балдарга үй-бүлөдө тарбия-таалим берүү жөнүндөгү (1629–32-ж.) ойлорун педагогика чыгармаларында жазган.

Я. А. Коменскийдин «Энелер мектеби» деген чыгармасында 6 жашка чейинки балдар менен уюштурулуучу нравалык-диндик, акыл, ден соолукту чыңдоо жана эмгекке тарбиялоо боюнча иш-аракеттердин мазмуну жана методдору чагылдырылган. «Энелер мектеби» максаты мектепке чейинки курактагы балдарды мектепте окууга даярдоо болгон.

Социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу республикадагы көптөгөн балдар бакчалары жабылып, мектепке чейинки курактагы балдардын 80–85%тен ашыгы үй-бүлө шартында тарбияланууда.

Мектепке чейинки мекемелерге тартылбай калган балдарды үй-бүлө же балдар бакчаларынын, башталгыч мектептердин шартында мектепке ар тараптан ийгиликтүү даярдоо максатында Кыргыз билим берүү академиясынын доценттери Л. В. Усенко, К. С. Сейдекулова тарабынан «Энелер мектеби» («Материнская школа») программасы 2001-жылы түзүлгөн.

Программа үй-бүлө шартында же балдар бакчаларында балдардын кыска мөөнөттө болушуп, мектепке даярдык алуусуна арналган. Ошондой эле программа республикадагы мектепке чейинки 3–6 жаш курактагы балдарга альтернативдүү билим берүүнү уюштуруунун негизи болуп эсептелет.

«Энелер мектеби» ата-энелердин суроо-талаптарына ылайык 2 сааттан 4–8 саатка чейин иштейт. Программа балдардын ар кандай максаттуу: дидактикалык, кыймылдуу оюндарын, ыр-бий, сүрөт тартуу, ийлеп чаптоо, кесип чаптоо, конструкциялоо, тил үйрөнүү, эне тилин өстүрүү, жөнөкөй математикалык түшүнүктөрүн калыптандыруу ж. б. ишмердүүлүктөрүн камтыйт. Азыркы күндө республикабызда 50дөн ашык «Энелер мектеби» уюштурулган.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004