Энергия деңгээли

Википедия дан

Энергия деңгээли - квант системалардан, б. а. микробөлүкчөлөрдөн (электрон, протон ж. б. элементардык бөлүкчөлөр, атом ядросу, атом, молекула ж. б.) турган жана квант механикасынын закондоруна баш ийген системалардын энергиясынын мүмкүн болгон мааниси.

Байланышкан микробөлүкчөлөрдөн (мис., атом, атом ядросу ж. б.) турган квант системалардын ички энергиясы квантталат, б. а. алардын туруктуу (стационар) абалына дал келген белгилүү гана дискреттүү Е0, Ev Ер ...(Еа,<Е<Е,<.„) энергия маанилерине ээ болот. Системанын мүмкүн болгон эн кичине энергиясына дал келген төмөнкү Е0 деңгээли негизги, калгандары дүүлүктүрүлгөн Энергия деңгээли деп аталат. Квант системасын дүүлүктүрүш үчүн сырттан энергия берилет. Дүүлүктүрүлгөн Э. д. белгилүү «жашоо» убактысы - дүүлүктүрүлгөндөн тартып системанын берилген Э. д-н башка төмөнкү деңгээлге өтүп кеткенге чейинки убакыттын орточо чондугу менен мүнөздөлөт. Ядролук системалары үчүн жашоо убактысы көбүнчө 10 14 - 10"10се/сны түзөт, бирок кээ бирлери үчүн бир нече жылга созулуп, Энергия деңгээли метатуруктуу деп аталат. Квант системасы төмөнкү Энергия деңгээлинен жогоркусуна өтсө энергияны талап кылат, тескерисинче болгондо бөлүп чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4