Энциклопедисттер

Википедия дан

Энциклопедисттер – 1751–80-жылдарда басылып чыккан француз «Энциклопедиясынын» авторлор жамааты.

«Энциклопедиянын» шыктандыруучулары ж-а редакторлору Дидро ж-а Д’Аламбер болгон. «Энциклопедияны» түзүүгө о. эле Вольтер, Руссо, Гольбах, Монтескье, Гельвеций, Кондильяк ж. б. катышкан. Э-дин философиялык, саясий-социалдык көз караштары бир өңчөй болгон эмес. Башкаруунун республикалык формасын жактоочулар м-н катар алардын ичинде билимдүү, гумандуу абсолютизмдин тарапкерлери да болгон. Анткени м-н Э-ге феодалдык коомдун консервативдүү негиздерин жоюуга умтулуу, клерикалык идеологияны жээрүү, рационалдык көз карашты колоого алуу мүнөздүү эле. Э. Улуу француз революциясын идеялык жактан даярдоодо зор роль ойногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8