Энчи

Википедия дан

Энчи – бирөөгө тиешелүү үлүш, менчигинде кала турган мал-мүлк, байлык. Ата-эне ар бир баласына мал-мүлкүнөн энчи бөлүштүрүп берген. Ал балдарынын өз алдынча чарба күтүп, турмуш куруп кетишине негиз болгон. Үйдүн эң кенже уулуна атасынын көзү өткөндөн кийин анын үй-мүлкү толугу менен мурас катары калган. Энчилөө патриархалдык-уруулук мамилелер мезгилинде пайда болуп, алгач адатка, кийин шариатка негизделген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.