Эн безинин суу шишиги

Википедия дан

Эн безинин суу шишиги — эркектин умасына суюктуктун жыйылышынан болгон оору.
Ал 20—30 жаштагы адамдардын арасында 70%ке чейин, беш жашка чейинки балдарда 30%ке чейин жолугат. Оорунун тубаса түрү бала төрөлгөндө эле байкалып, калтасынын бир жагы шишимик тартып чоң көрүнөт. Оорунун пайда болушуна эндин, анын кошумчаларынын (жумуртка) жана кабыкчалардын ар түрдүү ооруларга чалдыгышы, жүрөктүн ишинин бузулушу (декомпенсация) жана лимфа суюктугунун куулукта чогулушу себеп болот. Эндин сыртынан каптаган кабык эки жука катмардан турат, бул кабык өнөкөт сезгене берсе калыңдап, ортосуна сары суу толо берет, суу бир нече млден, 2—3 лге чейин жетет. Адатта суюктуктун өңү саргыч, кээде кан же ириң аралаш болушу мүмкүн. Анын катуу кармаган түрүндө оорулуунун денеси ысып, калтанын бир жагы кызарып, шишип ооруйт, басканда, кыймылдаганда ооруганы көбөйөт. Өнөкөткө өткөн түрүндө суюк тук акырындык менен чогулат. Мындай ооруган адамдар велосипед тебүүгө, сууга түшүүгө, спорт менен машыгууга болбойт. Оорунун алгачкы белгиси билинери менен врачка кайрылуу зарыл. Анын алгачкы стадиясында дарылоо натыйжалуу болот.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоодо негизинен хирургиялык ыкма колдонулат. Операциядан кийин суспензорий кийүү сунуш кылынат. Оорунун алдын алууда эн безинин сезгенүүсүнөн жана травмага учурашынан сактануу зарыл, кара Жыныс органдары.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8