Эпентеза

Википедия дан

Эпентеза - сөзгө мурда болбогон тыбышты кошуп айтуу. Кыргыз тилинде эпентеза кубулушу төмөнкү учурларда байкалат.

1) Кыргыз тилинин фонетикалык законуна туура келбеген - ск, - нк, -нс, фть, - кт, -нг, - нр тыбыштык айкалыштары менен аяктаган сөздөргө оозеки сүйлөшүүдө бир үндүү тыбыт кошулуп айтылат: аванс-аванса, шланг-шланга, танк-танка, акт-акты, факт-факты. ж.б. Ал эми жазуу речте аларга мүчө уланса, уңгу менен мүчөнүн ортосуна бир үндүү кошулуп жазылат. Мисалы: Омск+га=Омскиге, танк+га-танкага, нефть+нын=нефтинин, акт+сыз=актысыз, фонд+га=фондуга ж.б.

2) Башка тилдерден кабыл алынган сөздөрдөгү кыргыз тилинин тыбыштык айкалыш эрежелерине ылайык келбеген эки үнсүздүн арасына үндүү тыбыш кошулуп айтылат. Алсак, метр-метир, гимн-гимин, трактор-тырактор, ысым (ар. эсм), атыр (ар. этр), тукум (ир.тохм), өмүр (ар. омр) ж.б.

3) Кыргыздын төл сөздөрүндө жана кээ бир эски өздөштүрүлгөн сөздөрдө сөз ичинде үч үнсүз катар келип калса, оозеки сүйлөшүүдө биринчи үнсүз менен экинчи үнсүздүн ортосуна [ы] тыбышы кошулуп айтылат. Мисалы: арстан-арыстан, барскан-барыскан, барктуу-барыктуу, эрксиз-эриксиз, Кыргызстан-Кыргызыстан, ж.б.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]