Эпигенез кендери

Википедия дан

Эпигенез кендери - жанаша жаткан тоо тектерден кийин пайда болгон кен байлыктар.

Негизинен тоо тектерди жирен чыккан тарам, линза, шток ж. б. түрүндө болуп, алардын таасиринен жанаша жаткан тоо тектерде минералдашкан зона жаралат.

Эпигенез кендерине негизинен төмөнкүлөр кирет:

  • титан-магнетит, хромит, платина, алмаз жана апатиттердин магма кендери;
  • жез-никель рудаларынын кээ бир сульфиддүү тарамдары;
  • керамика сырьёлору, слюда, асыл таштар, литий жана бериллийдин пегматит кендери;
  • темир, жез, коргошун, цинк ж. б. металлдардын скарн кендери;
  • түстүү, сейрек, баалуу жана радиоактивдүү металлдардын гидротерм жана метасоматоз кендери;
  • кварц, барит, флюорит жана асбест тарамдары;
  • темир, жез, уран рудаларынын инфильтрация кендери.

Эпигенез кендери сингенез кендерине карама-каршы коюлуп түшүндүрүлөт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.