Эпидемиологиялык текшерүү

Википедия дан

Эпидемиологиялык текшерүүжугуштуу оорулардын булагын жана инфекциянын таралуу жолдорун аныктоо жана андан ары таралышын алдын алуу чараларын иштеп чыгуу максатында жүргүзүлүүчү иш-аракеттер.
Эпидемиологиялык текшерүүнү көбүнчө врач-эпидемиологдун өзү, кээде эпидемиологдун жардамчысы жүргүзөт. Эпидемиологиялык текшерүү ооруган кишиден же анын тегерегиндеги жакындарынан (ата-энеси, үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү, бирге иштегендер, бирге жашагандар жана башкалар) оорунун кандайча пайда болгондугун, башталышынын алгачкы белгилерин сурап, эпидемиологиялык очоктогу оорунун пайда болушунда жана анын таралышына шарт түзгөн факторлордун болушун (мурун ушул оорунун кезигишин, оорунун булагы болгон жаныбарлардын болушу, очоктун тазалыгын, жашагандардын жана чогуу болгондордун маданий деңгээлин, кесиптерин, таза суу менен камсыздыгын, жугуштуу ооруларга каршы эмделгендигин жана башкалар) тактайт Эпидемиологиялык текшерүү маалыматтары толугу менен эпидемиологиялык картага ар бир жугуштуу оорунун очогу өзүнчө толтурулат. Бул документтеги маалыматтарды эпидемиолог анализдеп, жугуштуу ооруну тезинен жоготуу жана элдин арасында таралып кетпесин үчүн чаралардын планын түзүп, аны ишке ашырууга аракеттенет.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8