Эпидот

Википедия дан
Эпидот.

Эпидот (фр. épidote, гр. epidotys - өстүрүүчү), пистацит - силикаттар классындагы минерал, Ca2(AI,Fe,Mn)3(Si04)(Si207)0(0H).

Кошундулары: Fe2+, TR, Мп ж. б. Моноклин системасында криеталлдашат. Айнек сымал жалтырайт. Катуулугу 6,5-7; тыгыздыгы 3,2-3,5 г/м3. Өңү жашыл, сары, кээде кара, боз, түссүз; курамында Мп көп болсо кызгылтым же мала кызыл. Эпидот акиташ скарнында, ошондой эле метаморфизмделген тоо тектерде негиздүү плагиоклаздын өзгөрүшүнөн пайда болот. Эпидот - тоо тек түзүүчү минералдардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4