Эпиплатформа орогенези
Эпиплатформа орогенези - узак мезгил бою платформа режиминде өөрчүп, рельефи түздүктүү келген аймакта жер кыртышынын кыймылынын жана тоо көтөрүлүүнүн жанданышы.
Эпиплатформа орогенези жүргөн жерлер келки түзүлүшү менен мүнөздөлүп, бийиктиги боюнча эпигеосинклиналь орогенезинен жаралган тоолордон кем калышпайт. Алардан айырмасы, Эпиплатформа орогенезинен калыптанган тоо аралык жана тоо этектериндеги ойдуңдар тоо тек сыныктарынан турган чөкмөгө - моллассага толот. Магматизм базальт, кээде щёлочтуу агып чыгуулар менен гана чектелет. Жердин өнүгүү тарыхында бир нече жолу Эпиплатформа орогенези, а. и. акыркысы - олигоцен-антропоген мезгилинде күчтүү жүргөн. Геосинклиналь кырчоолорунун жана океандын чет жакасына жакын жерлерде калыптанат. Эпиплатформа орогенезинин натыйжасыыда, Тенир Тоо, Алтай, Саян, Гиндукуш ж. б. көтөрүлгөн.
Эпиплатформа орогенезинде жер кыртышы рифттер (Байкал, Африка-Араб ж. б. рифт системалары) менен тилмеленет. Эпиплатформа орогенезиндеги процесстерден түстүү металл кендери пайда болсо, чөкмөлөрүндө көмүр, күйүүчү сланец, нефть-газ кендери топтолот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4