Эпистаз

Википедия дан

Эпистаз - толуктоого каршы келген гендердин өз ара аракети. Аллелдик эмес ген аркылуу башка гендин аракетин кыстыруу Э., ал эми кыстыруучу ген супрессор деп аталат. Мис, тоокто С аллели пигменттин өрчүшүн аныктайт, бирок башка доминанттык ген J, анын супрессору (кыстыргычы) болуп саналат. Мына ошондуктан, С аллели бар болсо да, СС JJ, СсJj генотибиндеги тооктордун өңү ак болот, ал эми СС jj , Сс j j генотибиндеги тооктор түстүү болушат, анткени ген супрессор буларда рецессивдик абалда кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]