Эпифиттер

Википедия дан

Эпифиттер (эпи... жана ...фит) — башка өсүмдүктөрдө, негизинен бутагы менен сабагында тиричилигин өткөрүүчү өсүмдүктөр.

Алар мителерден айырмаланып, азыкты өзү өскөн өсүмдүктөн эмес, айлана-чөйрөдөн алат. Эпифиттер өсүмдүктөрдүн бардык класстарында бар. Кургак климаттуу жерде аз кезигет. Тропик токойлорунда жөнөкөй жана татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр, жылуу жана нымдуу жерлерде мамык чөп, эңилчек жана папоротниктер Эпифиттер боло алат. Кээ бир Эпифиттер өөрчүшүн даракта баштап, андан кийин көмөкчү узун тамырлар пайда болуп, суу жана минерал заттарды топурактан алат, мис., айрым фикустар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]