Эратосфен

Википедия дан

Эратосфен Киренский (б. з. ч. 276, Кирена - 194-ж. ченде, Александрия) - байыркы грек окумуштуусу.

Алгачкы билимин жердеши Каллимах, Лизийден Александрияда алган. Андан кийин Афинага барып Платондун мектебине жакындаган. Каллимахтын шакирти, б. з. ч. 235-ж. Александрия китепканасынын жетекчиси. Жердин шар формасында экендигин айгинелеген жана өзүн филолог катары атаган алгачкы окумуштуулардан. Математикалык географияга негиз салып, меридиан догоосун 1-эсептеп чыккан. Алгачкы географиялык карта түзүүчүлөрдөн. Эмгектери математика (сандар теориясы), астрономия, география, поэзия ж. б. арналган. Бизге Эратосфендин эмгектеринен үзүндүлөр гана жеткен. Анын ысмы менен Айдагы кратер аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4