Айжаркын Эргешова

Википедия дан
Эргешова, Айжаркын, акын‎»‎ барагынан багытталды)

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эргешова Айжаркын – 1973-жылы Оштун Ноокат районуна караштуу Кичи-Алай өрөөүндө туулган.

1989-жылы орто мектепти, 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

1998-жылы «Сиз» аттуу ырлар жыйнагы үчүн Жолон Мамытов атындагы Республикалык сыйлыкка татыган.

2005-жылы «Жүрөктөгү арал» ырлар жыйнагы жарыкка чыгып, бул китеби үчүн «Алыкулдун ак боз аты» сыйлыгынын дипломанты болгон.

1998-2002-жж. Ош шаарындагы Курманжан датка гимназия мектебинде мугалим болуп эмгектенген.

Ош мамлекеттик университетинин алдындагы атайын гимназияда мугалим катары иштеген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Балтабаевдин жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Бешимовдун жардамчысы болуп иштеп келген.


Поэзия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айжаркын Эргешованын "Кусалык" аттуу ырынан үзүндү.


Сен мейли алыс болгун дил тумарым
Көз жетип, кол жетпеген мунарыктай.
Жашоодо жашайм башка адам болуп,
А дилим сени менен жүрөт кыйбай…

Жаныңда жалбарамын карегиңе,
Чачыңды сылайт ысык алаканым.
Туямын энтиккениң кулак түптөн,
Угамын жүрөгүңдүн туйлаганын…

Кучагың алсыратып.., калтыратып,
Унутам өлүм барын, арман барын.
Жумулат муң түнөгөн каректерим,
Төгүлөт далым ылдый кундуз чачым.

Дилимди мемиреткен коңур үнүң,
Добушу кеч күздөгү каркыранын…
Шыбырың көл шоокуму, а колдоруң,
Дарысы арманы арбын жалгыз жандын…

А бирок мунун баары кыял жаным,
Мен муну туйган кезде ыйлап алдым…


  • * *

Мен сенден, сен менден тымызын,

Издейбиз бактынын ачкычын,

Күтөбүз үмүттөн, эртеңден,

Билбейбиз а бирок тапчу ким...


Ишенүү, айрылуу окшош жол.

Бастык биз аягы бүтпөдү..,

Тартылдык бейтааныш болсок да,

Үмүткөр пендебиз, анткени.


Мен сенден алыста бактысыз,

Сен менден алыста муңдуусун.

Тилектер эртеңге жетелейт,

Тагдырдын не дээрин ким билсин...

Жарыкка чыккан китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сиз: Ырлар. – Ош: Облбасмаканасы, 1998. - 120 б.
  • Жүрөктөгү арал: Ырлар жана проза жыйнагы. - Б., 1995. - 180 б.
  • Адашкан жаз: Проза жыйнагы. - Б., 2011. - 248 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]