Кичи-Алай, тоо

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кичи-Алай тоосу - Түштүк Теңир-Тоодо, Алай кырка тоосунун системасына кирет. Исфайрамсай жана Акбуура сууларынын аралыгында батыштан чыгышты карай 78 кмге созулуп жатат. Туурасы 20 км. Орточо бийиктиги 4600 м, эң бийик жери 4933 м (Уларлы чокусу). Тоонун батышы Кичи Алай, чыгышы (Чөгөм жана Коргон сууларынан тартып Акбуурага чейин) Олоконтоо деп аталат. Кичи Алайдын кыры асказоокалуу, мөңгүлүү (Тегирмеч, Гезарт, Агарт, Карагой, Кашкасуу жана башка); мөңгүнүн этегинде көл көп кездешет. Олоконтоодо мөңгү жокко эсе. Тоонун түштүк капталдары Кичи Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кокту-колоттуу, терең капчыгайлуу. Түндүк капталдары жазы, Кербен-Көкжар, Ноокат өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Түндүк капталында узундугу 20–25 м келген Жоожатты (бийиктиги 4048 м), Ярунтуз (3670 м), Жузан (3273 м), Алтынказык (3328 м) тоолору кеңдик багытында созулуп жатат. Батыш бөлүгү гранит-диорит, гранит, сиенит-диорит интрузия тектеринен, чыгыш жапыз бөлүгү сланец, кумдук, катмарланган кремний, диабаз, акиташ теги, кремнийлүү сланец, алевролит тоо тектеринен турат. Таш көмүр жана башка кендер бар.

Тоодон Исфайрамсай, Акбуура сууларынын куймалары, Абшырсай, Аравансай суулары башталат. Түш. капталдарына талаа жана сейрек токой-бадалдуу-шалбаалуу талаа, түндүк капталдарына талаа жана шалбаалуу талаа (2300 мге чейин), бийик чөптүү шалбаа, бадалдуу арча токой (2300–3000 м), субальп жана альпы шалбаасы (3000–3400 м), андан жогорку гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кичи-Алай тоосу чарбачылыкта жайыт, жапыз бөлүктөрү чөп чабынды катары пайдаланылат. 2500 м бийикте, Мазар өрөөнүндө Кыргыз Улуттук ИАнын арча токоюн изилдеген илимий станциясы бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]