Эркин даражалар саны

Википедия дан

Эркин даражалар саны механикада - механикалык системалардын бири-биринен көз каранды эмес мүмкүн болгон жылыштарынын саны.

Эркин даражалар саны системаны түзүүчү материалдык чекиттердин, ошондой эле жөнгө салынган механикалык системалардын сандарына жана байланыштарына көз каранды болот. Эркин материалдык чекиттер үчүн Эркин даражалар саны Зкө, ал эми эркин нерсе үчүн 6га, кыймылсыз айлануу огу бар нерселер үчүн 1ге барабар. Каалаган геометриялык байланышы бар системалар үчүн Эркин даражалар саны системалардын абалын аныктоочу бири-бирине көз каранды эмес координатарлардын саны Sice барабар. Ал болсо төмөнкү барабардык менен берилет: S=3n-k. Бул жерде п - системалардын чекиттеринин саны, k - геометриялык байланыштардын саны. Голономдук (геометриялык байланышы жок) системалар үчүн Эркин даражалар саны. системалардын абалын аныктоочу координатарлардын санынан кичине. Ал болсо геометриялык байланышка алып келбөөчү, кинетикалык байланыштардын саны менен айырмаланат. Эркин даражалар саны кыймылдын теңдемелеринин санына жана механикалык системалардын тең салмактуу шартына көз каранды болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4